Google Messages — жазышуу үчүн расмий Google колдонмосу жана миллиарддаган колдонуучулар үчүн революциялык баарлашуу ыкмасы. Анда SMS менен MMS'тин ордун баскан жазышуунун тармактык стандарты болуп эсептелген RCS протоколу колдонулат. RCS аркылуу жогорку дааналыктагы сүрөттөрдү жана видеолорду бөлүшүп, динамикалык топтордун маектерине катышып, башка RCS колдонуучулары, ошондой эле iPhone түзмөгү бар досторуңуз менен оңой баарлаша аласыз.
• Баарлашуунун кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрү: Жогорку сапаттагы сүрөттөр менен видеолорду бөлүшүп, досторуңуздун текст терип жатканын көрүп, эми iPhone түзмөгү бар досторуңузду камтыган динамикалык топтордун маектерине катыша аласыз.
• Жекелештирүү: Жеке маектешүү белгилеринин түстөрү же кызыктуу селфи GIF'тери сыяктуу функциялар менен сүйлөшүүлөрдү өзүңүзгө ыңгайлаштыра аласыз.
• Купуялык: Жеке сүйлөшүүлөрүңүз Google Messages колдонуучуларынын арасында баштан аяк шифрлөө менен корголгондуктан, сиз жазышып жаткан адамдан башка эч ким (Google жана үчүнчү тараптар да) билдирүүлөрүңүздү жана тиркемелериңизди окуп же көрө албайт. Мындан тышкары, спамдан өркүндөтүлгөн коргоо функциясын пайдаланасыз.
• ЖИ аркылуу жазышуу: Magic Compose функциясынын сунуштары жана соңку ЖИ функцияларыбыз менен мыкты билдирүүлөрдү түзөсүз.
• Түзмөктөрдө оңой шайкештирүү: Маекти телефондо баштап, планшет же компьютерде уланта аласыз. Колдонмо Wear OS кызматында да жеткиликтүү.
Google Messages – жазышууга арналган колдонмо эле эмес, ал көп функциялары бар, коопсуз жана кызыктуу баарлашуу ыкмасы.
Колдонмо Wear OS кызматында да жеткиликтүү. RCS кызматынын жеткиликтүүлүгү аймакка жана байланыш операторуна жараша өзгөрүп, тарифтик план талап кылынышы мүмкүн. Функциялардын жеткиликтүүлүгү рынокко жана түзмөккө жараша өзгөрүп, бета сыноого катталуу керектелиши мүмкүн.
Качан жаңырды
2024-ж., 17-дек.